Президент А.Атамбаевдин өткөн жумада Ташкентке жасаган иш сапарында бир катар документтерге кол коюлду. Алардын катарында Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багытында жүк ташуу да макулдашылды. Бул тууралуу макулдашууга Кыргызстандын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов менен Өзбекстандын тышкы соода министри Эльер Ганиев 5-октябрда Ташкентте эки тараптуу делегациянын кеңейтилген жолугушуусунда кол коюшту. Макулдашууга ылайык, Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багытында жүк ташуу Өзбекстан-Кыргызстан-Кытайдын соода алмашуусуна жакшы шарт түзүп берет. Азырынча бул багытта автожол аркылуу гана жүк ташылмакчы. Анткен менен Кыргызстан туңгуюк өлкө катары эмес, транзит катары таанылып калат. Бир чети Казакстан менен Россияга көзкарандылыктан кутулабыз. Ал эми келечекте Кытайдан башталып, Ирандын Бандер-Аббас портуна чейин жетүүчү темир жолу да Кыргызстан-Өзбекстан аркылуу өтөрү каралган. Эгер аталган эки жол тең ачылса, анда Кыргызстан да, Өзбекстан да транзиттик өлкөгө айланат жана жергиликтүү сырьёдон тышкары транзит акысынан мамлекеттик казынага көп каражат түшөрү болжолдонууда. Демек, Кыргызстан Ирандын аталган портуна чыгуу менен дүйнөлүк рынооко жолу ачылат.
Булак: “Майдан. kg” гезити