Картинки по запросу клара алибекова 

 

5-октябрда социалдык тармактарда белгилүү ырчы Клара Алибекова тартылган тасма тарады. Тасмада Алибекова белгисиз адам аны зордуктоого аракет кылып, муунтуп коркутканын шок абалда милицияга айтып берип жатканы баяндалат.  Ал эми милициялар ырчыны тасмага тартып алышып шылдыңдаган. “Мен дүкөндөн чыгып баратканмын, колумда азык-түлүк салынган баштыгым бар болчу. Бир убакта артымдан бирөө келип мени муунта баштады. Кайрылып карасам мас, бейтааныш адам экен. Ал мени муунтуп, зордуктоого аракет жасады. Жардам сурап кыйкыра турган болсом же каршылык көрсөтсөм өлтүрө тургандыгын айтты. Ошол жерден колумдагы баштыгым менен аны чаап качтым. Жолдон милиция турганын көрүп калып аларга жардам сурап кайрылдым. Алар үчөө экен, баары форма кийип алышкан. Окуянын баарын аларга айтып бердим”,- деп айткан Алибекова массалык маалымат каражаттарынын бирине. Ал эми милиция кызматкерлери азыр ырчы жашаган Бишкектин Ак-Өргө конушунан чыгып кетишкендиги, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирүү менен гана чектелишүүдө. “Кыргызымдын жигиттери”,- деп кыргыз жигиттерин даңктап ырдаган кызыбызга белгисиз бир зөөкүр ушундай кордук көрсөтсө, бирок милиция кызматкерлери арызданган жабырлануучуга шылдыңдаган мамиле жасаса, азыркы укук коргоо органдарына кандай баа берсе болот?

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити