Улуттук коопсуздук кызматы жарандык активист Мелис Аспековду эмнеге кармаганынын себебин түшүндүрдү.

 

“Массалык башаламандыкты уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен дагы бир жаран кармалды.

 

Канат Исаевге байланышкан ишти иликтөөдө “Мекенчил” партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков айрым адамдардын тобу менен Президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгаары менен башаламандык уюуштурууну даярдап жатканы белгилүү болду.

 

Мелис Аспеков Канат Исаев жана “Республика” партиясынын айрым мүчөлөрү менен байланышта болуп, башаламандык уюшутурууга адам топтоп бермек. 9-октябрь күнү бул факты боюнча УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, Мелис Аспеков камака алынды.

 

Учурда тергөө иштери башталды”, -деп билдирди Улуттук коопсуздук кызматы.

 

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен жарандык активист Мелис Аспековдун УКМК кызматкерлери тарабынан кармалганы маалымдалган.