Өлкөбүздүн аба дарбазасы болгон “Манас” жана “Ош” аэропортторундагы кызматкерлердин жүргүнчүлөрдү тейлөөсүнө нааразычылыктар байма-бай айтылып келет. Ал тургай бул эки аэропортто коррупция күчөгөндүгү да жашыруун эмес. Бирок мурдагы өкмөт башчылар коомчулуктун мындай нааразы пикирине кайдыгер мамиле жасап келген. Акыры элдин Кудайга жеткен арманы жаңы өкмөт башчы С.Исаковго да жетип, ушул жумада адатынча алдын ала айтпастан эле таңга маал “Манас” аэропортун барып текшерди. Өкмөт башчы ал жердеги башаламандык менен кезек күтүүлөрдү өз көзү менен көрүп, эл аралык аэропортторго (Бишкек жана Ош) 1-ноябрга чейин “электрондук дарбаза” орнотулушу керектигин тапшырды. Ал аэропорттун жетекчилиги жана тиешелүү мекеме башчылары менен жыйын өткөрүп, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу, узатуу жана каттоо шарттарына нааразы болгонун айтты. Ошондой эле ушул айдын аягына чейин бажы көзөмөлүнүн “жашыл” коридору, кызматкерлердин англисче сүйлөөнү үйрөнүүсү жана тазалыкты камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүнү талап кылды. Бирок өкмөт башчы коррупция тамырлашып кеткен бул эки аэропорттун жетекчилигин алмаштырып, жаңы кызматкерлерди өзү айткандай англисче билген жаштардын катарынан конкурстук негизде кабыл алууну да тапшырса болмок.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити