Айрымдар дөөрүп коёт. Бирок, мындай абал аксакалдарга тушукканда муунуп кетет экенсиӊ эй!

 

Экс-депутат Феликс Кулов: “Жарандын шайлоодо кимге добуш бергенин эч ким биле албайт, ким билсе, үйүмдү берүүгө даярмын”,- дейт. Феликс Куловдун айтымында, жарандар шайлоодо кимге добуш бергени биометрикалык каттоо боюнча билүү мүмкүн эмес. “Эл  мындай коркутууларга ишенбеши керек.  Биометрикалык маалыматтар боюнча жарандын кимге добуш бергенин билип койсо болот деген калп. Эч ким биле албайт. Адамдын бармак изин аныктоо татаал иш, ал бюллетень менен эле бүтүп калбайт. Ал аркылуу ким кимге добуш бергенин эч качан таба алышпайт. Менин кимге добуш бергенимди тапкан кишиге үйүмдү берем”,- деди  Кулов. Жандырмагы жок табышмакты каткан “Золушкадай” болбой олуттуу маселе менен алектенсе кана ээ.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити