Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бара жаткан «Тойота Ленд Крузер»   «КамАЗ» менен кагышып, анын кесепетинен вице-премьер-министр, жардамчысы жана айдоочусу каза тапкан. КамАЗдын жүргүнчүсү  Чалдыбар айылынын 27 жаштагы тургуну Бекназар Шаршенбаев окуя тууралуу айтып берди.

 

Айтымында, ал «КамАЗда» айдоочунун жанында уктап келе жаткан. Жол кырсыгы болгондо гана ойгонгон.

 

«Уктап келатканымдан кырсык кандайча болгонун билбейм. Автоунаалар кагылышканда ойгондум. Бутум кыпчылып, катуу жараат алдым. Бутумду эптеп чыгарып, «КамАЗдан» жерге түштүм. Бирок бутум чыдатпай, жыла албай жерде жаттым. Мени ооруканага жеткиришти», - деди Шаршенбаев.

 

Айтымында, айдоочу «КамАЗды» ижарага алып, убактылуу иштетип жаткан.