Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бүгүн, 7-октябрда Бишкек - Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыкка кабылып каза болду.

 

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка караганда, Темир Жумакадыров менен бирге анын айдоочусу жана жардамчысы да көз жумган. Таласка бара жатышкан вице-премьердин автоунаасы  Садовое айылында каршылашында келе жаткан КаМАЗ   менен бетме-бет кагылышкан.

 

Автоунаадагылар   оор жаракаттардан улам окуя болгон жерде каза табышты. Ал эми  КаМАЗдын айдоочусу ооруканага жеткирилген.