Ырчы ага кол салуу болгондугу тууралуу жана жардам сурап кайрылган кезде зордуктоого аракет кылган адамды кармоонун ордуна аны видеого тартып, шылдыңдап, ал видеону интернетке жүктөгөн милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазганын бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталына ал өзү айтып берген.
Анын айтымында, ушул жылдын 27-сентябрь күнү кечинде дүкөндөн келе жаткан мезгилде ага мас абалдагы белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет жасаган.
"Мен дүкөндөн чыгып бараткан болчумун, бир маалда артымдан бирөө келип мени муунта баштады. Кайрылып карасам мас, бейтааныш адам экен. Ал мени муунтуп, зордуктоого аракет жасады. Жардам сурап кыйкыра турган болсом же каршылык көрсөтсөм өлтүрө тургандыгын айтты", - дейт Алибекова.
Ал белгилегендей, бул учурда алыс эмес жерде милиция кызматкерлеринин унаасы токтоп турганын көрүп калып жардам сурап кыйкырып, аларды көздөй чуркаган. Ошол кезде зордуктоо аракетин көргөн адам качып кеткен.
"Мен абдан нес абалда болчумун. Милиция кызматкерлеринин унаасына отуруп абалды айтып берип, зордуктоого аракет жасаган адамды алыс качып кете электе кармагыла деп сурандым. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын артынан түшкөндүн ордуна менин абалымды шылдыңдап, ар кандай орунсуз суроолорду берип жатышты. Анысы аз келгенсип түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшту. Айрымдары мени мас деп ойлоп жатышат, бирок мен ичкен эмесмин. Мас эмес болчумун. Чын, корккондон абалды толук түшүндүрүп бере албай жаттым. Атүгүл алар мени видеого тартып жатканын да байкаган эмесмин. Ошондогу коркуу сезимдерин, абалымды сөз менен жеткирип айтып бере албайм", - деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ, 6-октябрда интернетке "Клара Алибековага ким кол салды?" деген видео тарап, ал боюнча соцтармактарда чуу чыккан.
Видеодон ырчы Клара Алибекованын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле андагы кызматкерлердин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узаткан.
Учурда бул окуя тууралуу интернет колдонуучулар чоң талкууга алышып, окуяга тиешеси милиция кызматкерлерин жазага тартылышын талап кылышууда.
Булак: Интер KG