Бизде баары боло берет окшойт. Анткени, Максим Бакиевге тиешелүү болгон 48 коттедждин арзан баага сатылганы тууралуу маалымат коомчулукта бир топ нааразычылыктарды жаратты.

 

Журналисттер Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагындагы “Идеал-Хаус” компаниясына караштуу 48 коттеджден турган VIP-шаарча 12,5 гектар аянты менен 142 миллион сомго сатылганын укканда дароо иликтөөлөрдү жүргүзүп кимдин ким экенин аныктоого аракет кылышты.  Маалыматка таянсак 2008-жылы бул VIP-шаарчаны куруу үчүн 7 миңден ашуун түп алма бак кыйылган. Андагы элиталык коттедждер мурдагы президент Бакиевдердин үй-бүлөсүнө арналып курулган. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бул коттедждер 142 млн. сомго сатылып кеткенин сынга алышканы менен Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилиги бул улутташтырылган объекттер 9 жолу сатыкка чыгарылып, бирок сатылбай калгандыктан баасы төмөн болгонун айтып кутулду.

 

Ал эми “Фергана” агенттиги бул чуулуу окуянын башында ким турарын жана аны сатып алган “ВостокТехКомплект” компаниясы тууралуу иликтөө жүргүзүп чыккан.

 

Айтылгандай, бул VIP-шаарчаны сатып алган “ВостокТехКомплект” компаниясынын негиздөөчүлөрү Бектур Абдраев жана Азис Мырзаев.

 

Белгилей кетүүчү жагдай, Азис Мырзаев учурда Бишкектин түштүгүндө жайгашкан жалаң кыргыз байлары жашаган шаарчада жашайт. Айрым маалыматтарга ылайык, Азис Мырзаев “Республика - Ата-Журт” фракциясынан депутат Динара Исаеванын уулу. Ал эми Динара Исаева айтылуу Данияр Үсөновдун жубайы.

 

Демек кайрадан эле башка кишиге башка түстөгү шапке кийгизүү ишарасын бийлик тарап жүйөөлөп, элди көз боочудай алдап атабы?

 

Булак:  “Майдан.kg” гезити, №45 (323), 06.10.2017-ж.