Албетте, жакшы жаңылыктар да адамды кубанычка бөлөп, атургай көздөн жаш чыгарат. Дегеним, Памирдеги этникалык кыргыздар Нарын облусуна көчүрүлө турган болду. Маалым болгондой, атайын программанын алкагында 10 күндүн ичинде 50 адам көчүрүлөт.

 

Пландалгандай, Памирден келген  этникалык кыргыздар  жергиликтүү ооруканаларда медициналык кароодон өтөт. Андан соң аларды  облустун райондору арасында бөлүштүрүү жана жайгаштыруу иштери жүргүзүлөт. Болжолдуу көчүп келген боорлорубуз Нарын облусунун Куланак айлына жайгашышат.

 

Памирде кыргыздар деңиз деңгээлинен  4 миң метр бийиктикте жашагандыктан, аларга ылайыктуу деп Нарын облусу табылды. Белгилей кетсек, апрель-май айларында эле Памирдеги кыргыздарды өкмөт Нарын облусуна көчүрүп келери тууралуу айтылган. Кийинчерээк бул иш сентябрга жылдырылганы кабарланган болчу.

 

Булак:  “Майдан.kg” гезити, №45 (323), 06.10.2017-ж.