Билебиз, Лондон мэри велосипед менен жумушка каттаганын, Канаданын премьер-министри кадимки элдердей эле метродо жүргөнүн. Бирок, Кыргызстандык чиновниктерди антип элестетүү өтө эле кыйын.

 

Бир ирээт курулуш тармагынын жетекчи кызматтарындагы бир жигит велосипед тепкенин көрүп алып жарым жыл эл таң калып жүргөн. Ал эми Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппаратты 1,5 млн сомго жол тандабас сатып ала тургандыгын жарыя этти. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди. Маалыматка ылайык, унаа 2008-жылдан кийин чыгарылган болушу керек. Анын ичиндеги отургучтарын жылытып туруучу системасы, сигнализациясы, артын көрсөтүп туруучу камера жана компьютер болуусу зарыл. Ошондой эле жол тандабас сүзүлбөгөн, кайрадан сырдалбаган болушу зарыл.

 

Техникалык абалы тууралуу актыны техникалык тейлөө станциясы түзөт. Ал эми станцияны сатып алуучу тандайт.

 

Айтор акыйкатчы көчүгү үшүбөстөн чындык деп чыркырашы керек экен. Эмне жөн эле эл катары 200 миң сомдук машинеде жүрсө акыйкат айтылбай калабы?

 

Булак:  “Майдан.kg” гезити, №45 (323), 06.10.2017-ж.