Экс-спикер Абдыганы Эркебаев Жогорку Кеңеш өз милдетин аткарбай атканын белгиледи:

 

"Шайлоого карата парламент депутаттары ишке чыкпай коюшту, Конституциялык милдеттерин аткарбай жатышат. Азыркы учурда иштеп, Шайлоо кодексинин аткарылышын көзөмөлдөп турушу керек эле. Жогорку Кеңеш качан иштейт, качан иштебейт регламентте так жазылган”, -деген Эркебаев   жыйындын резолюциясына парламент тууралуу бир абзац кошууну сунуштады.

 

Анын сунушун кыймылдын мүчөлөрү колдоого алышты.

 

Равшан Жээнбеков “Депутаттар же иштесин, же ошондон ары тарап кетишсин”, - деди.

 

Белгилей кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын мүчөлөрү -  экс-президент Роза Отунбаева, экс- депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар.