- Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррешке Кыргызстан менен БУУнун ортосунда кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн “Достук” орденин тапшырды. Бул президенттин аргасыз аракетиби?

 

 

- Эми көңүл алыш үчүн алдын ала эле орденди ала барган болсо керек. Елбасы Влад экөө кыскандан улам, маселе өтө актуалдашып жатат. Эски өнөктөштөр колдобой койгону үчүн, албууттанып, долуланып жаңы векторго жагынуу аракетин көрүп жаткандай. Батышка, АКШга багыт алып, эски өнөктөштөрдү “кидать” эткиси келгенин АКШнын атайын кызматтары тарабынан "өтө коргой турган агент" деп “Викиликсте” жарыяланган адамды - Сапар Исаковду өкмөт башчы кылганда эле байкасак болмок.

 

 

 

Булак: “Майданkg” гезити