Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жер-жерлердеги жолугушууларында аны мурда күч органдарында жетекчилик кызматтарда иштеген айрым экс-чиновниктер коштоп жүргөнү тууралуу кызык маалыматтар бизге чейин келип жетти. Мына ушуну жакшылап анализдеп көрсөк, Бабанов мамлекет башына келип калса, өлкөбүздүн келечеги кимдердин колуна түшүшү мүмкүн экендигинен кабар берет. Болгондо да кооптуу кабар. Эгерде азыркы тапта Бабановду коштоп жүргөндөр кайрадан республикабыздын күч структураларына жетекчилик кызматтарга келип калышса кандай болот? “Оо андан Кудай сактасын” деп тургандар арбын.

 

Картинки по запросу Рыскул Бактыбаев

 

Бабановдун Ош облусунун райондорун кыдыруусунда аны коштоп жана эл менен жолуккан жерлерде Башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев сөз сүйлөп жатты. Бул аты-жыты анчейин коомчулукка белгисиз болгону менен, коррупциянын атасын тааныткан жагынан тар чөйрөдө өтө таанымал Бактыбаев канкор Бакиевдердин тушунда укмуштай карьералык өсүш жасаган. Анын мындай карьералык өсүш жасашына Акмат Бакиев менен өтө жакын мамиледе болгону себеп болгон.

 

“Ал Жалал-Абадда прокурор болуп турганда анын катышуусунда мурдагы режимдин бир катар оппоненттери соттолгон. Олуттуу жаза мөөнөтүн 2008-жылы ошол убактагы “Кыргызнефтегаз” ААКсынын жетекчиси Касым Исманов алган. Мен коргоого алган Касым Исманов качкын президенттин иниси Акмат Бакиевдин тапшырмасын аткаруудан баш тартканы үчүн гана түрмөдө отурган. Бул иш боюнча мамлекеттик айыптоочу катары дал ушул Рыскул Бактыбаев отурган”, - деп билдирген убагында адвокат Икрамидин Айткулов маалымат булактарынын бирине.

 

Ошол эле убакта Бакытбаевдин өтө тыгыз коррупциялык байланышы Бакиевдин маалында башпрокурор болуп турган Элмурза Сатыбалдиев менен болгон. Эч кандай бизнеси жок Э. Сатыбалдиев Кыргызстандагы алдыңкы байлардын катарын толуктай турганы белгилүү.

 

Бул экөөнүн байланышы өтө бекем материалдык негизде болгон. Бактыбаев өзүнүн “кожоюнун” көңүлүн алуу үчүн ага өтө ири соода комплексин жана жакшы иштеп аткан ресторанын белек кылган. Мына ушул “белектердин” Бактыбаевдин өзүндө кайдан пайда болуп калганы да жандырмагы бар табышмак. Ал деле бизнес менен алектенген эмес, демек прокурорлук кызматын “бизнеске” айлантып алган, коррупциянын “чучугун” чаккан.

 

Баарынан кызыгы, Бактыбаевдин баш прокурордун орун басарлык кызматына чейинки карьералык өсүшү 2010-жылдагы апрель революциясынын алдына туш келген. Анан революция болуп кеткенден кийин ал 7-апрель окуясынын иши боюнча процессте мамлекеттик айыптоочу катары катышкан. Анан мамлекеттик айыптоочулардын катарында соттолуучу болуп отурган Э.Сатыбалдиевдин жакын ымалашы, биргелешип коррупциянын “чучугун” чагуучусу отурса, иш оң жагына жылат беле? Жыйынтыгында эмне болгонун жакшы билебиз.

 

Андан кийин ал омбудсмен болууга аракет жасады. Анысы ишке ашпай калган соң кайрадан Баш прокуратурага келди. Анан көп өтпөй эле коррупциялык чырга аралаша калып, акыры өз каалоосу менен бул органдан кетүүгө аргасыз болду.

Мына ушундай таржымалы бар Бактыбаев Бабановдун Чоң-Алайдагы эл менен жолугушуусунда эч тартынбай туруп мындай деп сүйлөп атканын уктук: “Эмнеге биз Бабановду колдоп атабыз? Себеби бизге мамлекетти жаңы жолго сала турган таза, билимдүү, жаш лидер керек. Мамлекетте лидердин ролу өтө чоң. Бизге жетекчи жетишпей жатат, ал эми татыктуу талапкер – бир гана Бабанов. Ал элдин бакубатчылыгы үчүн иштейт”, - деп сүйлөп отурат. Эч бети кызарбады.

 

Ал эми Бабанов болсо коррупционерлерди 25 жылга түрмөгө отургуза турганын убада кылууда. Бирок, Бактыбаев ал убададан негедир коркпойт.

 

Ө. Бабановдун түштүк аймактагы активдүү колдоочуларынын бири – бул ИИМдин түштүк аймагы боюнча мурдагы орун басары Фухат Усенов болууда. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга таянсак, ал наркотрафика менен активдүү байланышта. Ага карата ушул эле мүнөздөмө деле жетиштүү болчу. Бирок, дагы бир жагдайды кошо кетели. Ал органдан эмне себептен айдалганын билесизби?  Анын акыл-эси кээде туруп эле ордунан жылып кете турганы белгилүү болгону үчүн. Башкача айтканда ал көчөдөн эле сыйлыкка келген пистолети менен ок чыгарган.

 

Эми болсо ал дагы Бабановдун штабында активдүү иштеп атат. Кыязы, кайрадан укук коргоо органына жетекчилик кызматка келүүнү көздөп туру окшойт. Мына ушундай адамдардын коштоосунда жүргөн Бабанов кантип коррупция менен күрөшмөкчү болууда? “Карга карганын көзүн чукубайт” демекчи, коррупционерлердин өзүн укук коргоо органдарынын жетекчилигине алып келип койсо, анда алар коррупциянын тамырын кыркпай эле, тескерисинче тамырына суу куюп турат го.