Демейде боюу жапыс жана алсыз адамдар узун бойлуу жана күчтүү адамдарга суктанып, аларды жандап жүргүсү келишет эмеспи. Ал эми эгер өздөрү чоң кызматта болсо, мындай адамдардын коштоп жүрүүсүнө шарт түзүп берет же болбогон шылтоону таап жолугуп, жок дегенде жансакчы кылып алышат.  Анын сыңарындай, биздин жаңы премьер-министрибиз С.Исаков да америкалык бойлуу актёр Стивен Сигалды “каттуу сүйөт” экен, алгач Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна атайын чакырып, кадырлуу конок катары чакырып, ат мингизип, көчтүн алдынан өткөргөн болчу. Ошентип “жакшы бала” премерь-министр болгондон кийин да чет өлкөлүктөрдөн алгач жана жалгыз куттуктаган да ушул Сигал аке болду. Бирок социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары өкмөт мамлекеттин маселесине караганда Голливуд жылдызы Стивен Сигалга өзгөчө эле көңүл бөлүп жатканын шылдыңга алышууда. Себеби буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Сапар Исаков актерго жолукканын жана өкмөт башчы ага Кыргызстандын жарандыгын сунуштаганын айткан болчу. Стивен Сигал Кыргызстандын өкмөт башчысынын сунушун кабыл алдыбы же алган жокпу такталууда. “Андай болсо жарандык бергиле жана ал өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштесин. Ички иштер министри кылып дайындагыла”,- деп да жазган окурмандардын бири. Каап, биздин жаңы өкмөт башчы улам эле бир популисттик кадамдарды баштай бербей, чындап иштесе болот эле.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити