БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, бир дагы нормативдик- укуктук актыларда БШКнын мүчөлөрү жыйынга катыша алышпай калышса, сөзсүз түрдө кат жүзүндө маалым кылышы керек деген талап жок. Көбүнчө, саат алтыда боло турган жыйын алтыга беш мүнөт калганда кабардар кылынат.

 

«Мынча убакытта кабардар кылуу уюштуруучулук иштин начардыгы. Алдын ала чакыруу беришпегендиктен биз жакшы иштей албай атабыз», - деди Абдрахматова.