Айтымында, Гүлнара Журабаева, Назарали Арипов, Атыр Абдрахматова жана Елена Жылкычиевалар жыйынга атайылап катышпаганы менен башка иш чарада, мисалы, чүчү кулакта болушкан.

 

«Кечээ БШКнын жыйыны кворум болбогондуктан өтпөдү. Бул атайын жасалган иш, анткени бир катар маселелер, анын ичинде бир талапкердин үгүт иштериндеги эрежелердин бузулушу каралмак», - дейт төрайым.

 

Белгилешинче, комиссиянын аталган мүчөлөрү бүгүн да жыйынды эки жолу үзгүлтүккө учуратышкан. Жыйын өтүшү үчүн жети адам катышышы керек.