Маалымат жыйынында БШКнын мүчөлөрү Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева, Елена Жылкычиева жана Атыр Абдрахматовалар уюштуруучулуктун жок болуп атканын айтышты.

 

Гүлнара Журабаеванын айтымында, комиссиянын жыйыны өтөөрдө бардык мүчөлөрүн  карала турган маселенин документтери менен тааныштырышпайт. Ар бир маселеге добуш берүү үчүн мүчөлөр аны менен таанышып, алдын ала 4-5 саат даярдануулары керек. Бирок, мындай мүмкүнчүлүк БШКнын бардык мүчөлөрүнө берилбестен, аларды факт менен бет келтирип коюушууда.

 

 Ошондой эле, айтымында, БШКнын бардык мүчөлөрү келип түшкөн арыздардан да кабардар болушпайт.