“Ырынан чыры көп” бул чехиялык компания Кыргызстанда ГЭС кураар-курбашы, РУСГидрого 37 млн. доллар карызыбызды берер-бербеси белгисиз бойдон кала берүүдө. Ушул суроолорго жооп берейин дедиби, айтор 18-сентябрда аталган компаниянын директору Михаэл Смелик Бишкекке учуп келип, айтылган убаданын аягына чыгарууга даяр экендигин билдирди. Ал тургай иш жүрүп, инженерлер керектүү жумуштарды жасап жаткандыгын кошумчалады. “Быйыл 11-июлда Кыргыз өкмөтү менен келишимге кол коюлгандан бери бизди каралоо аракеттери башталды. Байсалов чех компаниясы гарантиялык төлөмдү төлөгөн жок деп чыкты. Бирок биз аны төлөгөнбүз. Тендер ачык жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөн. Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, - деген Смелик өз дарегине жана компаниясына карата айтылган маалыматтарды четке какты. Демек, чехтер берген убадасына туруп, орусиялык компанияга карызыбызды төлөгөндөн тышкары ГЭСтерди да кура баштайт деп ишенип туралы. Эмнеси болсо да “Лигласс Трейдинг” компаниясы С.Исаков жана анын өкмөт мүчөлөрүн өргө сүрөй турганы же биротоло көргө түртөрү белгилүү болуп калды. Себеби бул компаниянын айланасында С.Исаковго байланышкан ого эле көп калпы-чыны аралаш сөздөр айтылууда.
Булак: “Майдан. kg” гезити