Президенттик шайлоонун шайтан оюндары жакындаган сайын бийлик эски адатына салып, ачык да, көмүскө да административдик ресурсту колдонууда.  Айрыкча ЖОЖдордун студенттерине өз талапкери үчүн добуш берүү үчүн үгүттөө иштери жүрүп жатат. Мындай эки жүздүүлүккө чыдабаган бишкектик студенттер “Биз коркпойбуз” деп аталган флеш-моб өткөрүштү. Бул акцияга  борбор калаанын окуу жайларында окуган 100дөй студент катышты. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чаранын максаты - окуу жайлардын ректораттары менен мугалимдеринин студенттерди бийликтин талапкерине добуш берүүгө мажбурлап жатканына каршылык билдирүү. Президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү, саясий партиялардын жаш канаттарынын мүчөлөрү катышкан иш-чаранын жүрүшүндө жаш активисттер Жогорку Кеңештин төрагасына, парламенттеги фракция башчыларына, башкы прокурорго, билим берүү жана илим министрине кайрылуу жолдошуп, окуу жайлардын жетекчилери жаштардын жарандык укугун бузуп, Социал-демократтар партиясынын талапкерине добуш берүүгө мажбурлап жатканын билдиришти. Кайрылуу ээлери “окуу жайдагы жетекчилик, мугалимдер паспортубузду алып, №2 форма боюнча кошумча добуш берүүгө мажбурлап, жогорку окуу жайлардын жетекчилиги административдик басым кылып жатышат” деп белгилешти. Эси бар бийлик кызуу кандуу жаштар менен ойношчу эмес эле. Эми бийликтин бул эки жүздүү саясатына Башкы прокуратура кандай жооп кайтарар экен?

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити