Бишкекте 11-сентябрда Ош базарында бараткан кыз бейтааныш улутташынан запкы көрдү. Анын бейтааныш кыргыз жигитинин ачуусун келтирген айыбы – афган улутундагы жигит менен ээрчишип баратканы экен. Кызды башка улуттун өкүлү менен баратканы үчүн жаакка чапкан жигит «кыргыз кыздарын башкалардан ушундай ыкмада коргош керек» деген түшүнүккө баш-оту менен берилип алганы, андан кийин айткан сөздөрүнөн белгилүү болду.
Россиядагы кыргыз кыз-келиндеринин түшүнө кире тургандай акыбалга жетип, жүрөгүнүн үшүн алган «патриот кыргыз жигиттер тобу» бир нече жыл мурун пайда болгон. Алар убак-убагы менен башка улуттагы жигиттер менен жүргөн кыргыз кыздарын жолдон-белден токтотуп алышып, коркутуп, сабап, ал турмак жылащачтап чечинтишип, видеого тартып, «Ютубка» жүктөөнү эрдик катары санап алышкан. Акыркы кездери мындай «жасалма патриоттордун» кылыгына укук коргоо тармагы киришип, кордолгон кыздардын жазган арызынын негизинде айрымдарын таап, жазага тартышкан.
Ошондон кийин, кыргыз кыздарын «коргогон» ашкере кызганчаак жигиттердин аягы тыйылгандай болду эле. Көрсө, тыйылбай эле Кыргызстанга чейин жете келиптир. Чак түштө көчөдө башка улуттагы жигит менен баратканы үчүн да токмок жесе боло турганын интернетке тараган видео далилдеди.
Алсыз аялзатын кайсы эркек болбосун жаакка чаба алат. Коргоо – жаакка чабуу, же башка улуттун жигиттери менен ээрчишүүсүнө бөгөт коюу эмес, такыр башка түшүнүк экени кыргыздын айрым жигиттерине такыр эле жетпей койду.