Жогорку Кеӊештин жыйынында «Кыргызстан» фракциясынын депутат Кубанычбек Нурматов Араван районундагы жарандардын паспорт алууда кез келген кыйынчылыктарын айтып берди.
«Аравандагы паспорт столдун имараты абдан кичинекей. Ошол тар коридордо эртеден кечке кезек күткөндөр топтолуп турушат. Эртеӊ менен саат сегизде келип кезекке турушса да, бир жумалап кезеги келбегендер бар», - деди ал.
Ошондой эле паспорт алууда каражат маселеси да аралашаарын билдирди.
«Коммерциялык негизде алам десеӊер бар, жөнөкөй паспорт жок болуп атат дешет экен. Ушул нерсени көзөмөлгө алсаӊар», - деп парламенттеги өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.