Жогорку Кеӊеш өкмөттүн «Кумтөр» боюнча жаӊы келишимин талкууламак. Депутат Курманкул Зулушевдин айтымында, бүгүн 70 депутат каттоодон өткөн. Бирок, «Кумтөргө» келгенде залда соксоюп болгону он жети депутат калды.

 

Келишим комитетте каралганда өкмөт башчы өзү келген, ал эми пленардык жыйынга келбеди.

 

«Ошондуктан, талкууну токтотууну сунуш кылам», - деди Зулушев.

 

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев өкмөт мүчөлөрүнүн баары келгенин айтып, маалыматты уга берүү керектигин белгиледи.