Ушу Кыргызстан кадрга жарыбай койду. Не деген илимдүү, ишбилги адамдарыбыз турса кайдан издеп жүрүп бирөөлөрдү таап келебиз. Аларыӊ аӊкайып эле олтурат. Алкымы гана иштеп.

 

Айтсак, ааламда медицина гүлдөп атат. Адамдын мүмкүнчүлүгүнөн эбак ашып да кетти. Ал эми бизде мышык менен кошо чычканы да кошулуп ыйлап ийгидей абалдан арылбай атабыз. Ток этээрин айтканда Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев аталган тармакты түбүнө жетип тына турган болуп калды. Жаӊы министр болуп келгенде адамдардын органдарын сатуу боюнча мыйзамды ишке киргизүүгө болгон далалатын кылган бул министр андан башка “ачылыш” жасай албады. Тескерисинче, алдыга бир кадам таштагансыганы менен артка эки кадам кетип барат. Медицина тармагына тиешелүү жерлерди жеке менчик борборлорго соодалап, алардан “особняк” шапка алат экен деген да кеп чыгууда. Анан да аталган тармактын майлуу-сүттүү жерлерине адистерди эмес, акчалууларды коюу менен бизнесин гүлдөтүп жаткан кези. Көзөмөлгө алчу киши барбы өзү?

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.