Албетте, кырсык ар бир адамдын башына келе көрбөсүн. Бирок, ошол айттырбай келген кырсыктын жоопкерчилигинен да аброй менен кутулуу адамдык сапатка жатабы?

 

Картинки по запросу Абдыгул Чотбаев

 

Ал эми аны жаап жашырган тараптар эмнени көздөшүүдө? Айткыбыз келгени, 2-сентябрь күнү Бишкек-Торугарт трассасынын 35-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда “Мазда” автоунаасы менен “Тойота-Ландкрузер” автоунаасы кагышып, эки адам мерт кетип, 5 адам жабыркаган. Жолтандабастын айдоочусу генерал-полковник Абдыгул Чотбаев болгон. Абдыгул Чотбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын биринчи кол башчысы, ооган согушунун ардагери. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү тармагында көп жыл кызмат өтөгөн. Бишкек шаардык кеӊешинин бир нече жолку депутаты болгон. Кырсыкта Чотбаевдин колу сынган. Бул кырсык орун алган соӊ Чүй облустук ички иштер башкармалыгы “Тергөөнүн жүрүшүндө генерал Чотбаев бул кырсыкка күнөөлүү эмес. Анткени экинчи автоунаанын айдоочусу сурак учурунда унааны башкарып бара жатып уктап кетип, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткенин айтты”,- деген билдирүү тараткан. Бирок, Бакыт Бейшенбеков аттуу “Фейсбук” колдонуучу өзүнүн баракчасына: “Мазда авто унаасынын айдоочусу ошол жерден жан берген. Кантип ал түшүнүк жазат? Кантип мен уктап кеттим деп көргөзмө берет өлгөн адам? Чүй ОИИБ эмне деп калпты айтып жатат. Каза болгон адам менин айылдашым. Ушундай да болобу? Же генерал болсо эле жашырып жаап кое беришеби?”,- деген билдирүү жазып чыкты. Албетте, биз териштире турган орган эмеспиз. Ошентсе да күнөөнү өлгөн адамга жаап салуу менен экинчи тараптын жоопкерчилигин жашыруу же жөн гана өлгөн адамды каралоо, болжолдоп жалган маалымат айтуу менен Чүй ОИИБ эмне аброй табат?

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.