Жагынуучулуктун анан таӊдана берүүнүн деле чеги болот да. Бирок, биз ушундай эл экенбиз, “Саманкананы өрт алды”- десе “Самарканды жоо чапты”- кылып жибермей адатыбыз бар.

 

Картинки по запросу шайырбек абдырахман уулу

 

Кечээ жакында Өкмөт башчы Сапар Исаков күзөт автоунаадан баш тарканын ММКлар аркылуу жар салган эле. Ал айтып оозун жыйгыча “арзыматтар” ария айта баштады. Социалдык тармактарда бул теманын алкагында эки жаатташып айтышуулар арышын кеӊири керип да жатат. Мисалы, айрымдар “Сапар Исаков эл катары көчө тыгында унаасы менен турат”,- деп кол чаап жатышкан. Алардын ариясын айтылуу журналист Шайырбек Абдрахман дудукту ит капкандай абалга кептеди. Шайыр мырза өз постуна: “Диля Юсупова деген фейсбук колдонуучу “силер Премьер-министрди МосСоветтеги пробкадан көрбөдүңөрбү? Биз көрдүк”- деп, пост жазыптыр. Бул посттун маани маңызын мен мисалы түшүнгөн жокмун. Премьер-министрдин пробкада турганын айтып пиар жасап кетейин жөн эле жүргүнчү катары көрүнүп дегиси келгенби? Андай ою болсо, жөн эле маршруттук таксиге түшө калса болмок экен. Анткени так ошол премьердин артынан ээрчип бараткан (тигил айнектеги жазууну жакшылап окусаңар) “КР өкмөтүнүн аппаратына” тиешелүү бусиктин ичинен тартылган сүрөт пиар жасоого жарабайт (билинип калат..)  Же өзүңөрдү өзүңөр ушинтип мактайлы деп чечтиңерби?” - деп жазып чыкты. Деги абайлагылачы “арзыматтар”…

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.