Эркектин кандай экени аны жандап жүргөн жубайынан билинет дегендей, журт башы болом деп жандалбастап аткандардын өмүрлүк түгөйлөрүнүн сүрөтүн  жана алар тууралуу кыска маалыматты Турмуш сайты жарыялады. Кыргызстандын биринчи айымы болуп калышы мүмкүн деген аялзаттары наразырыңыздарда.

 

Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл
 

 

Супруга Айгуль

 

КСДП президенттикке талапкер кылып көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл менен 2 баланын ата-энеси. Кызы Бактыгүл Кыргыз-Орус славян университетинин студенти. 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан. Учурда С.Жээнбековдун Алиаскар аттуу жээни бар.
 

Өмүрбек Бабановдун жубайы Рита Бирбаева

 

Рита Бирбаева

 

Бабановдун кайнатасы  Казахстанда аким болуп эмгектенген.
Ө.Бабановдун төрт баласы бар. Улуу кызы Айпери Бишкектеги № 61 мектепти аяктап, учурда чет мамлекеттердин биринде жогорку окуу жайда билим алып жатат. Ошондой эле, дагы эки баласы аталган мектепте окушат. Ал эми кичүү кызы 2 жашта.

 

Темир Сариев

 

Темир с супругой Айжан

 

 

Жубайы — Айжан Сариева. «Ак Шумкар» партиясынан талапкер болгон Т.Сариевдин бир уулу жана бир кызы бар. Баласы мектепте окуйт. Ал эми, кызы Айгерим «ГазпромНефтьАзия» компаниясында эмгектенген. Учурда жеке ишкерлик менен алектенет.

 
 Камчыбек Ташиев

 

Камчыбек Ташиев, семья

 

 

Жубайы — Айгүл. «Ата Журт» партиясынан талапкер болгон К.Ташиевдин төрт баласы бар.