Алмазбек Атамбаев кечээ 7-сентябрда Нарынга барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 8-сентябрда президент «Жетимдүү турак жай-2015-2020» программасынын негизинде курула турган көп кабаттуу үйдүн капсуласын коюу аземине катышат. Андан соң Нарын активисттери менен жолугушат.
Ошондой эле президент Кочкор районундагы Чекилдек айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышат.