Мен кино сынчысы эмесмин, бирок катардагы көрарман катары кыргыздын учурдагы кинолору, тагыраак айтканда, карапайым калктын купулуна толуп, эл оозуна алынып кеткен ийгиликтүү тасмалар жөнүндө пикиримди айткым келди. Буга белгилүү кино продюсер, киносценарист Өмүрзак Төлөбеков менен өткөн чыгармачылык жолугушуу себеп болду.
Ириде кандай заман болбосун, кино деген искусствонун маанилүү бир бөлүгү бойдон кала берерин улуу жолбашчы Ленин атабыз ташка тамга баскандай айтып кеткен экен, муну бүгүнкү жашоо-турмуш да тастыктап турат. Арийне, заманга жараша кино да өзгөрдү, ал жөн гана искусствонун бир түрү болуудан тышкары акча табуучу да каражатка айланды. Бул эми биз кеп кыла турган маселе эмес. Кеп бизде кандай кинолор тартылып атат, алар элге канчалык жагыбатат, тарбиялык мааниси кандай, ошондо.
Мен, чынымды айтайын, азыркы кыргыз тасмаларын көрбөйм деле, анткени алар менин руханий муктаждыгымды канааттандырбайт, мен күткөн эстетикалык рахатты тартуулабайт, алар башталбай жатып эмне менен аяктарын билип турасың. Куру болбосун үчүн айрымдарына токтоло кетейин. Теледен, радиодон, гезит бетинен түшпөй байма-бай рекламаланып, шумдук делинген, мамлекеттин миллиондоруна тартылган Курманжан датка жөнүндөгү тарыхчылардын, тарыхтан анча-мынча кабары барлардын токонаалатына гана калган тасманы эми ким эле тамшанып кайра-кайра көрүп атыптыр? Тияктан тигини утту, бул жактан муну утту, Оскарга кетмей болду делинип уу-дуу болгон, батыштагы кинобилермандар үчүн болгону мурда көрбөгөн билбеген шумдук (экзотика дейли) саналган кыргыздын заманбап режиссерлорунун кинолору кайда? Жадагалса, бир эшектин бир эшекке (айтпайын дейсиң, бирок бул факты) секиргенинен өйдө тартылган (Арым Кубат болсо керек эле) “киношедеврдин” аталышы эми эсте да жок. Батыштагылар жетине албай сыйлык артынан сыйлыгын берип аткан бул тасмалар анчалык мыкты экен, анда эмнеге аларды кинотеатрга агылып барып көрүбаткан эл жок?
Мындай тасмаларды кайран убакытты коротуп тиктеп отурганча, жүрөккө жакын баягы эле кыргыздын залкар чеберлеринин өлбөс тасмаларын дагы бир көрүп алганды артык көрөсүң. Анткени алар адамды жакшы жаманды ылгоого, ойго түртөт, анан да чыгаан актерлор кынтыксыз ойногондору кадимкидей чериңди жазат, эс алдырат. Классика деген ушул эмеспи. Эми ал плеяда кетти, андан акыркы могикан сыяктанып Болот Шамшиев гана калды. Кыязы, устаттын дагы кино тартсам деген ниети бар, бирок акчасы жок, азыркыдай “эптемейге” салып бирдемени тарта салганга же кайсы бир пулдууларга кол куушуруп эшик чертип киргенге улуу чебердин намысы да, аброю да жол бербейт. Ошентип кыргыз киносунун унутта калган чыгаан устаты төрт чарчы короосунун ичинде, кудум «Гүлсараттагы» жылкычы Танабайдай ыраакта калган бир кездеги дуулдаган күлүстөн доорунун күңүрттөнүп бараткан элестери менен күн кечире, унчукпаган бойдон өзөгүн өрттөгөн арманы менен ызасын ичке катып, өз доорунун аягына үнсүз чыгып баратат.
Үстөккө босток тартылып жаткан, окуясы да, аткаргандардын сүйлөгөн сөздөрү да примитивдүү супсак, жасалма, күндө тажаткан күнүмдүк жылаңач турмушту кайрале өзүңө «сугунткан», кунары жок, кээде абдан эле обу да жок тасма сөрөйлөрдүн колго илинчүсүн санап келсең беш манжаң бүгүлбөй калат. Тасмалардын даамы жок, жесең ушул, жебесең кой деп таңууланган тузу кем тамактай.
Анткен менен бирок менимче көпчүлүк көрараман эл Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтүн», Р. Акундун «Салам, Нью-Йоркун», Бирназаровдун «Белгисиз маршрутун», андан кийин Өмүрзак Төлөбековдун сценарийи боюнча тартылган «Президент жана бомжду» (режиссерунун ысмы эсте калбаптыр) гана баалап көрдү. Башкача айтканда, бул автордук тасмалар социалдык катмардын басымдуу бөлүгүнүн муктаждыгын канааттандырды.
Айталык, «Президент менен бомж» эмнеси менен кызык? Биринчиден, бул ар бир кыргыз жашына, жынысына карабай жантыгынан жата калган саясат темасы. Негизги фишка ушул. Анан окуя кызык, сабак болорлук. Мага мисалы, тасманын аягында эки каармандын көпкөн асман астында, жашыл чөпкө жата кетип, жашоодо мындан артык эч нерсе жок экен деген бүтүмү абдан күчтүү чыккан.Чын эле да. Сценарийдин тили жатык, ар бир кыргызга жеткиликтүү жазылган. Ойкума-кайкыма, кооз сөз айкаштары жок, башкаларды тууроо деген жок. Айтор, сөз кудуретин чеберчилик менен ачууга жетишкени Өмүкенин Москвадагы жогорку адабий курстан бекер окуп келбегенинен кабар берип турат.
Арийне, бүгүнкү күндө мыкты тасма тартууга мыкты идея гана жетишсиз, андай чыгарма жаратканга акча керек. Муну мен каарманым –Өмүрзак Төлөбековдун эле мисалынан көрсө болот. Үстүндөгү үйүн сатып, минген машинесин күрөөгө коюп, кино деп жүрүп ооруп –сыркап, көрбөгөн азапты көргөн Өмүрзак Төлөбековду фанат дебегенде ким дейбиз!? Бир жарым жылда элге 3 тасма тартуулайт деген эмне шумдук да, эмне деген эмгек! Кептин баары ошол азап менен тартылган тасмалар үчөө тең элге алынып атпайбы!
Мындай ийгиликтин сыры эмнеде деп сураганымда: «Биринчиден, кинонун сценарийи кызыктуу болуш керек, сюжет көрарманды баары нерсенин баарын унуттуруп, артынан азгырып жүрүп отурушу керек. Экинчиден, тасманын тили мыкты болсо, кайсыл актер болбосун жан –дили менен берилип ойноп берет, диалогдор ширелүү, чебер тизилген кыштай кынтыксыз кыналып турса, ийгиликтин сыры мына ошол. Ошондуктан мен дайыма өзгөчө бир айтылган сөз айкалыштарын угарым менен ошол замат жазып алам», - дейт Өмүрзак Төлөбеков.
Баса, кыргыз ашепке сынчыл, башкага дайыма өөдөлөнүп, тыңсынып турганга маш эл эмеспизби. Эми бул биздин канга сиңген өксүк психология. Маселен, улутка коко тыйынчалык кызмат кылбай туруп “улутум” деп умсунгандар Төлөбековдун “Москванын сүйүүсү” аттуу тасмасын дароо “кыргызды орустарга басмырлап койгон” деп чуу салышты. Бул эми келжирек кеп. Колунан пок келбеген киши улутчул болот деп кыргыздын дагы бир чыгаан уулу Салижан Жигитов безге сайгандай айтып кеткен экен. Ошолор өзүлөрү адегенде ушундай тасма тартып алып, анан башкага сын тагышсынчы...Жиниң келет, жадагалса короосуна тыңыраак даараткана куралбаган кыргыз деле, чолок жатып алып асманды тепкиси келет дегендей, аким-сакимди бери кой, түз эле президентти коколосом дейт эй тобо! Тилекке каршы, биз баланча миң жылдык тарыхыбыз бар улуу эл экенибизди, кай бир көөнө замандарда айбаттуу каганат да болгонбуз деп көкүрөк каккылаган мактанычыбызды өзүбүздөн башка эч ким, жадагалса, кошуна жашаган боордош элдер да билбейт экен. Кана эми кыргыз мыкты калк экен деп өзүбүздү өзүбүз мактай бербей, бизди башкалар мактаса, бизге башкалар суктанса жакшы болбойт беле...
Мына ошо кыргызды өзү эмес, башкалар мактаса экен деген деңгээлге жеткиргенге жан үрөп аткан азаматтардын бири ушул Өмүрзак Төлөбеков. Элден уялып тартынбай эле бетпактык менен өзүн “коомдук ишмер” деп атап алган кокуйгүн бирөө: “Төлөбеков деген неме Путинди китеп кылып чыгарыптыр, Назарбаевди кино кылып тартыптыр. Өз агасын агалай албаган кишинин агасын сагалайт деген ушул”, - деп бир жерде макалдата айткан “чечендигине” маашырланып өөдө сүйлөгөнүн угуп калган жайым бар. Эй таксыр, кыргыздын макалдары албетте абдан мыкты, бирок кызыталак, алардын ичинен так ушул сен айтып жатканы биздин азыркы шартка туура келбей атпайбы десем, эмне деген турасың дегенчелик олурая карап калды. Себеби ишенген “өз агаларыбыз” Акаев менен Бакиевдин кылгандары бул болсо, анан кимди сагалайбыз? Экинчиден, Путин менен Назарбаев кыргыз суктанганга, кыргыз урматтаганга татыксыз падышалар бекен? Бири бир миллион кыргызды, экинчиси жарым миллионго жакын кыргызды батырып, жанын бактырып атпайбы, бул алкоого татыксыз иш бекен? Андан өйдөрөөк чыгалы: Россиянын биздеги аскер базасы Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын ишенимдүү форпосту болуп коргоп турат, Россия канатына калкалабаса азыркы опурталы күч заманда кенедей Кыргызстан өзүн коргой алабы? Мына сен азыр сөгүбаткан ошол орустар курган мамлекетте туулуп өстүң, мектебинен окудуң, анткени орус жолбашчы Лениндин улуттар саясаты болбогондо, сенин азыр кайда жүрөрүңдү ким билет эле? Тарыхый фактыны танып болобу, таксыр? Сен тоготпой аткан Өмүрзак Төлөбеков деген жигит бузула түшкөн эзелки кадырман алаканы кайра калыбына келтирели деген адам, кыргыздын кинолору орустун шаарларында көрсөтүлүп атса, ага таанымал актерлор өзүлөрү тартылып атса, анын сага эмнеси жакпай турат? Кайсы кыргыз муну жасап атыптыр, же сага биздин киночулар грантына кызыгып, батыштын гана купулуна толгудай кылып элдин итиркейин келтирип, намысына тийген келесоо кинолорду тартып атканы жагабы?
Ушинтип каңырыгым түтөп бир топ сүйлөндүм, “коомдук ишмер” экенине карабай. Бир топко угуп отурду да бир оокумда: “Всеравно оруска ишенбеш керек, орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр” деген кеп бар деп кайрадан макалдата айдап калды. Бул анык келесоо экен дедим ичимде. Сыртымда болсо: таксырым, сен ушул макалдын да түпкү маанисин билбей сүйлөп атасың дедим. Билбесең билип ал: бул деген – орус эзелтен чабышып келген жоокер калк, ошондуктан аны менен дос болсоң сенин да белиңде айбалтаң болсун, анткени непадам жоо менен чабышууга туура келсе, сенин да колуңда куралың болсун деген эле мааниде айтылып калган деп түшүндүргөн болдум. Түркөй адамга айла жок, анда: “орус оюндагысын кылат” дегенди кандай чечмейлейсиң?” деп кайрадан баш оорутма ыргытты. Ишмер болбой эшейип жатып кал, чык эшикке дедим да, өзүм чыгып кете бердим.
Өмүрзак Төлөбеков мырза жакында эле биздин компания иш алып барып аткан Бозумчак кенине ат арытып барып, ал жерде иштеген көп улуттуу эмгек жамааты менен чыгармачыл жолугушуу өткөрүп кайтты. Абдан кудайга да, элге да жаккан иш кылды. Анткени өнөр адамдары карапайым элге жакын болушу керек, анткени алар чыгармачылык эргүүсүн да, дем-кайратын да мына ушул элден алып, кайра элге берет. Кино ишмер Бозумчакка эки тасманы алып барып көрсөттү. Бири “Мировой Назарбаев” деген документалдуу тасма болсо, экинчиси “Миллионердин сүйүүсү” деген көркөм тасма болду. Көрарман катары айтаарым – мага экөө тең абдан жакты. Айрыкча биринчиси. “Мировой” деген орус сөзү кыргызча “азамат”, “мыкты” деген маанини берет. Нурсултан агабыз чынында мировой жигит экенин абдан сонун ачып бериптир Өмүкем. Жылдызы Евроазиянын асманында узак жылдардан бери жаркырап жанып келаткан Нуракенин элине кылган кызматы, албетте, белгилүү дечи, бирок казак деле кыргыздын өзү, ал жакта деле бул инсанга: “чал, кет!” деп тыңсынган оппозиция сөрөйлөр андан мындан бир сороктоп чыга калып жүрөт. Кетирмек тургай корголуна чөп сая албаган бечара куниктердин ниети ишке ашпай келет. Кылыбаткан кызматын кантип көрүшпөйт дейм да... Өз жерине пайгамбар боло албайт деген кептин чындыгы ушул белем... Тасмада менин гана эмес, отурган бүт элдин ичин тегиз жылытып, арбап алган нерсе анын адам катары тагдырынын урунтуу учуру – Нуракенин жаш кезинде кыргыз кызына ашык болгон махабат баяны мыкты экен. Бул тарыхты, албетте, мурда да уккан элем. Ии деп койгом, бирок анын мынчалык терең сырын, кызыктуу экенин элес албаптырмын. Кызымды алыска, казакка бербейм деп (кайра эле тыңсынмай) алысты көралбаган ошол кыздын атасына элдин баары нааразы болгондой болуп отурду чамамда. Ал кыздан төбөдөн муздак суу куюп ийгендей күтүлбөгөн аткез алып, ичи өрттөнгөн жаш жигит Нурсултан ошол замат (намыс жаман да) көңүл назарын анын жакын курбусуна бурган экен. Айтор, тагдыр буюрбаса айла жок, экөөнө тең жетпей калыптыр. Бир кезде аз жерден келечектеги падышанын жары болуп кала турган ошол эки кыз эми эмшийген кемпирге айланса да бири бири менен алиге дейре сүйлөшпөйт имиш угушума караганда. Документалдуу тасманын ажарын ачкан мына ушул сезим жылыткан кадыресе адамдык тагдырдын баяны чынында сонун чыккан!
Ал эми экинчи тасма “Миллионердин сүйүүсү” башталганда иңир бир топ коюуланып, Бозумчактын ичиркенткен кечки сыдырым салкыны (канткен менен 2500 метр бийик тоонун чокусу да) каптап келсе да ордунан козголгон жан болгон жок. Тамаша кылгандар тасманын акыр аягына дейре чурк этпей отуруп көрүштү. Көрмөк тургай, каармандар менен аралашып, ичине кирип кеткендей болушту. Мына кино! Кызыгы, кино аяктаган соң ага чейин кенге келген көп коноктун бири болуп көрүнгөн Өмүрзак Төлөбеков мырза кино ышкыбоздоруна башка планетадан учуп келген адамдай көрүнүп чыга келди. Топураган калың эл ар кимиси улам аны талашып сүрөткө түшүп, колун кармап куттуктап, ыкласынан чыккан ыракматын айтып жатышты. Кендин карапайым жумушчуларынын арасында, таңгалыштуусу, кино жаатын түзүк билгендер да арбын экен, Өмүкенин тигил жагынан бир, бул жагынан бир чыга калып, тасманын аки-чүкүсүнөн өйдө суроолорду жаадырышты. Айтор, жайкы кинотеатрдын алды кымгуут болуп эле жатып калды. Бул кожо көрсүнгө жасалган эмес, чыныгы чыгармачыл жолугушуу болду! Совет доорунда өнөр адамдары тынымсыз эмгек коллективдери менен жолугушуп турганын эске салган эски-ии бар жакшы кездер ушул кечте дагы бир жолу кайрылып келгендей болду.
Бул жолугушуу жакшы, мазмуундуу кинолорду тартса болорун элге далилдеди. Албетте, маданияттын абалы бизде мышык ыйлаарлык. Кино гана дейсиңби, баары жагында – музыкада, театрда, живописте, адабиятта болобу, ахыбал ушул. Болгон аракет Өмүрзак Төлөбеков сыяктуу өжөр, патриот, жүрөгү элге ысык адамдар тарабынан кандайдыр бир алгылыктуу иштер жасалып аткансыйт, бирок бул жетишсиз. Маданият маселелерин мамлекет тарабынан колдоого алынышы – мамлекеттик кадыр-барк маселелеси, же мамлекттин имиджи. Мисалы, Японияда манга менен аниме, Түштүк Кореянын сериалдары, Индиянын Болливуду жана башкалар өз өлкөсүнө кадыр-барк, пайда алып келип атпайбы... Маданиятыбызды колдоого алсак бизге да оомат күлүп тургандыр...
Өмүрзак Төлөбеков менен чогуу жүргөн 3-4 күн ичинде көп нерселерди сүйлөштүк. Көз карашыбыз, дүйнө таанымыбыз көп жагынан шайкеш келгенине кубандым, баарынан да мени таңгалдырганы – анын карапайым, жупуну мүнөзү болду, кылтың-каприздүү “жылдыз оорусуна” түк чалдыкпаган Өмүке эне табийгат кандай жаратса, ошол бойдон “сакталыптыр”. Баракелде дедим ичимен. Анан да анын алда канча үлкөн жүктү аркалаган, көөдөнүндө Мекенге кызмат кылсам деп күйгөн ой-максаты бар азамат экенине тан бердим. Чыны, сапарга аттанып жатып ичимен бир аз камтама да болгон элем, атактуу кишилер бизде асманга “учуп” кеткен бойдон күнөөсү көп кара жерге оңой менен түшпөйт дешет, бул киши менен кантип барып келер экенбиз деп. Кудай жалгап, атактуу сапарлашым андай ойрон оорудан алыс экен. Журналисттин каадасына салып, маек кылып, элге эчак белгилүү болгон нерселерди кайрадан жадатып сурап, башын ооруткум келген жок, пландары туурасында деле сурабадым, анткени мындай жоопкерчиликти желкесине арткан инсанда план деген толтура болорун билем, анүстүнө боло элек нерсени күн мурунтан айттырганды өзүм да каалабадым, аманчылык болсо, Кудай кааласа, Өмүрзак Төлөбеков баарыбызды дагы далай сонун чыгармалары менен кубантаарына бөркүмдөй ишенем.
Бахтияр ШАМАТОВ,
Бишкек-Бозумчак-Бишкек, атайын “Майдан” гезити үчүн