Жалындуу сүйлөй билген, ар качан калыстык, акыйкаттык туусун карманган, жаш болсо да өз пикири, позициясы бар Жанар Акаев 3-сентябрда Ат-Башыдагы шайлоочулар менен болгон жолугушуусунда “Администравдик ресурска ар бирибиз каршы турушубуз керек жана ар ким колдон келген салымын кошуу керек. Элибиз телевизордон бирди, иш жүзүндө башканы көрүп жатат”,- деп октябрда өтө турган президенттик шайлоодо аларды добуштарын акчага сатпоого чакырды. Эсиӊиздерде болсо Жанар Акаев Жогорку Кеңешке КСДП партиянын тизмеси менен келген. Бирок, кийинчерээк анын түз саясий көз караштарынан улам ар кайсы шылтоолор менен парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган. Ачык коом кургусу келген КСДПчылар Жанар Акаевге кылган мамилеси менен коомчулуктун жек көрүндүсүнө да айланганын кантип тана алышат. Ушу тапта КСДПнын баардык депутаттары бир теӊ да жалгыз Жанар мырза бир теӊ экени анык эмеспи…
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити