1-сентябрь – Билим күнүндө президент А.Атамбаев өзүнүн кичи мекениндеги мектептердин биринин ачылышына катышкан. Ошондой эле бул күн Курман айтка туш болгондуктан, Ата-Бейит көрүстөнүндөгү Апрель баатырларынын арбагына куран багыштап, бата кылды. Мамлекет башчы сөз арасында “Бүгүн эртең менен биз апрель революциясынын баатырлары коюлган “Ата-Бейитте” куран окудук. Ал жерде биздин улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун сөөгү жатат. Анын жанында Үркүндөн жана 1937-жылы репрессиядан курман болгондор жатышат. Бул жер тарыхый борборго айланды. Ошондуктан Таш-Дөбө, Воронцовка, Арашан, Кой-Таш, Чоң-Таш жана башка айылдар үлгүлүү болушу керек. Мага таарынбагыла, кээде чет элдик меймандар менен келгенде уялам”,- деди ал. Өлкө башчы эртең менен үйүнүн жана короосунун алдын шыпырган Ош жана Жалал-Абад облустарынын кыз-келиндерин мисал келтирип, “Эгерде бул жерде мени келиндер угуп жатышса, алар дагы үйүнүн алдын шыпырышса жакшы болмок”,- деп билдирди. А.Атамбаев Россиянын президенти В.Путин менен, андан кийин башка чет элдик меймандар менен өтүп бара жатканда жолдо чар-жайыт жаткан желим бөтөлкөлөрдөн, желим баштыктардан ыңгайсыз абалга туш болгонун кошумчалады. Балким, чүйлүк келиндерди түштүккө тажрыйба алмашууга жөнөтүш керектир?
Булак: “Майдан. kg” гезити