Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков «Кыргызтелеком» ААКсынын директорлор кещешинин курамын кайрадан карап чыгууну тапшырды. Ал мындай көрсөтмөнү Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондунун төрагасы Болсунбек Казаков менен жолугушууда берген.

 

 Исаковдун айтымында, аталган компаниянын чарбалык-каржылык ишмердүүлүгү азырга чейин ачык-айкын эмес. Акыркы убакта коррупциялык факторлорду жокко чыгаруу ишке ашпай атат.

 

«Ошондуктан, компанияны башкаруу жана директорлор кещешинин жетекчилигинин курамын ыкчам карап, ошол эле учурда натыйжасыз иши, катачылыгы үчүн жоопкерчилик да каралышы керек», - деди өкмөт башчы.