Ырчы Самара Каримова жакында президенттин жарлыгы менен «Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген артист» деген наам алган.
Кыргызстандын мамлекеттик сыйлык-наамдар тууралуу мыйзамындагы наам алуучу кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес убакыт эмгектениши керек деген эреже каралбагандыгы коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.
Ал эми ырчы өзү соцтармактагы баракчасына наам тууралуу:
“Ажобуз Атамбаев Алмаз Шаршенович "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти " деген ардактуу наам ыйгарды . Бул сыйлыкты өмүр бою "музыка"-деп жашаган атам Эрмек Каримовго арнаймын. Асыл апам Разия Шариповага арнаймын. Атам албаган сыйлыкты , Аллахым буйруп "мен" алдым. "Сыйлык" менинки , "Сыймык" Кыргыз элибиздики! Баарыңыздарга чоң рахмат, таазим!”,-деп жазды.