Коомдо үштү алган ар кандай окуялар арбып барат. Мурдараак бир келин өз күйөөсүн балталап өлтүрүп, денесин кескилеп туруп, таштандыга таштап койгону элди бир дүргүттү эле. Эми болсо так ошол сыӊары дагы бир окуя катталды.
Болгону бул сапар келини кайненесин өлтүргөн. Тагыраагы, 27-августта саат 10:30 чамасында Ош шаарындагы таштанды салынган контейнерден аял кишинин башы жок денеси табылган. Болжол менен 40-50 жаштагы аялдын денесин “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери Социалдык университеттин окуу имаратынын маңдайынан табышкан. Мыкаачылык менен жасалган оор кылмышка каза болгон аялдын 1990-жылы туулган келини жана анын эжеси шектелүүдө. Шектүүлөр 29-августка караган түнү камакка алынган. Деги замана кайда багыт алып баратат?...
Булак: “Майдан. kg” гезити