Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилиги, жергиликтүү активисттер, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен болгон 1-сентябрдагы жолугушуусу маалында айтылды.
Мамлекет башчы өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө бийлик билбестиктен улам башка агымдар менен идеялардын азгырыгына берилип кеткен адамдардын кайрадан туура жолго түшүүсүнө чоң маани берерин айтты:
— Биз ал адамдарды «жаман» деп эсептеп, айкөлдүк кылып кол сунбасак, алар элден чыккан бойдон кала берерин унутпашыбыз керек.
Июлдун соңунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган топ бийликтин көзөмөлүндөгү диний адамдардын үйлөрүн кыдырып, алар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жана андан кийин төрт миңден ашык мусулман күч түзүмдөрүнүн кара тизмесинен чыгарылгандыгы кабарланган.