«Эмгеги сиңген» жаш артисттердин катары арбыды. «Эмгеги сиңе элек» улуу муундагылар кезекти өмүр бою күтүшөбү?

 

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылына карата өлкөнүн ар кайсы тармактарынын өкүлдөрү сыйлык-наамдарга ээ болушту. Алардын арасында маданият тармагынын өкүлдөрү – ырчы-чоорчулар да бар.

 

Жакында маданият тармагынын өкүлү Сонунбүбү Кадырова соцтармактагы баракчасына эмгеги эли-жерине сиңгенине карабай, сыйлык-наамга жетпей жүргөн бир катар адамдардын тизмесин жарыялаган. Ырчынын тизмесине караганда, төмөнкү таланттуулар ушул кезге чейин мамлекеттин сыйына арзый албай келишет:

 

1. Шеркул Дүйшөналиев
2. Кадыраалы Артыков
3. Анапия Райимбекова
4. Дилбар Райимбекова
5. Лира Райимбекова
6. Токтобүбү Черикчиева
7. Токтобек Асаналиев
8. Райкан Абдубалиева
9. Болот Токтобаев
10 Малик Аликеев
11. Улан Качкыналиев
12. Мерген Турган
13 Гүлнара Өмүрзакова
14.Сайра Момунбаева
15. Айтбүбү Атамкулова
16. Касиет Артыкова
17 Гүлзат Байзакова 
 18. Камчыбек Жусупова
19. Жамила Муратова 
20. Мурадил Сагыналиев
21. Дамира Ниязбекова
22. Мунарбек Чобиев
23. Баатыр Өмүрзаков
24. Гүлнара Кахарова
25. Тургунаалы Нурматов
26. Кудайберген Темиров
27. Советбек Нурманбетов
28. Хабибилла Азиреткулов

 

Сонунбүбү Кадырова тизмедегилердин арасында наамы барлар болуп калса, кечирим сурай турганын да билдирген.

 

Эгемен күнүнүн урматына берилген сыйлык-наам алгандардын арасында тизмедегилерден Анапия Райимбекова гана бар. Жаш ырчы Самара Каримова, Каныкей Раймалиева, Гүлжигит Сатыбековдор да «Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист» деген ардактуу наам алышты.  Коомчулукта бул катуу талкууга түшүп, «эки ыр ырдап, эмгегин сиңирмей модага айланды», - деген пикирлерди жаратты.

 

Халтурасы жок, чыныгы талант менен элге жаркын маанай тартуулап келген чыныгы таланттуулар четте калып, жеңил-желпи эки ыр менен көрүүчүлөрдү кол чаптыргандар алдыга чыгышты. Кыргызстанда жаш ырчылар жаандан кийинки козу карындан да көп. Эки ыр ырдагандарга наам бериле берсе, жакынкы жылдары «эмгек сиңирген артисттерге» чалынып, баса албай  калабыз го.

 

Айтылуу куудул Абдылда Иманкуловдун да ушул убакка чейин наамсыз жүргөнү айтылууда. Тамашаны катырган куудул бийликтин терс көрүнүштөрүн юморго айлантам деп «кара тизмеге» түшүп, наам алмак тургай, ээн-эркин концерт коюуга мүмкүнчүлүк таппай калды.

 

Татыксыздарды төбөгө чыгаргыча, мамлекеттик наам-сыйлыктарды такыр эле жоюп салууга болбойбу?