Бүгүн, Кыргызстандын эгемен күнүнө арналган салтанатта президент сөз сүйлөдү.  

 

«Шайлоочу кабинага жалгыз кирет. Аны менен чогуу губернатор, аким, министр, же мектеп директору сыяктуу административдик ресурс чогуу кирбейт. Биздин жарандар кабинага киргенден кийин каалаганына добуш бере алышат. Кабинага бай талапкердин берген акчасы гана шайлоочунун чөнтөгүнө катылып, кириши мүмкүн. А шайлоочулардын добушун сатып алууга аз эмес, миллиондогон акчалар коротулат. Бизде тастыкталган маалымат бар», - деди президент.

 

 «Жүрөгүңүздөрдүн, акылыңыздардын айтканы боюнча добуш бериңиздер. Добушуңуздарды сатпаңыздар! Шайлоодо добуш үчүн 100 доллар бериши мүмкүн. Андан кийин Кыргызстандын миллиондогон долларларын уурдайт. Добушуңуздарды сатсаңыздар өлкөңүздөрдүн келечегин саткан болосуздар. Балдарыңыздардын, неберелериңиздердин келечегин сатасыздар», - деди президент.

 

Ошондой эле президент: «Биз ачык-айкын, адилет шайлоону камсыздап беребиз. Добуш бере турган кабинада чечимди өзүңүздөр кабыл аласыздар, абийириңиздердин алдында ак болуңуздар. Катачылык кетирбеңиздер!»- деп кошумчалады.