Президент бүгүн Өзгөн районундагы Ынтымак айылынын эли менен жолугушту. Эске салсак, ушул жылдын апрель айында Өзгөн районунун эки айылында жер көчкү жүрүп, 27 адам каза тапкан.
Президенттин айтымында, биздин улуттун байыркы экенин Россиянын жана Казакстандын башчылары да моюнга алышкан.
«Биз кагантты түптгөн учурда бир катар улуттар пайда боло элек эле», - деп белгиледи президент.
«Кыргыз эли аймактарга бөлүнбөй, башка өлкөлөрдө жашап аткан туугандарын ойлошу керек. Алтайда, Бадахшанда жашап аткан кыргыздарды ойлойлу, ал үчүн ойгонуп, Кудайдан коркушубуз керек», - деди президент.