Мындай маалыматты ИИМден тастыкташты.

 

Маалыматка караганда, шектүү Казакстандын жараны болуп чыкты. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Калган террористтерди да милиция издөөгө алды.

 

 Окуя 23-августтан 24-августка караган түнү болжол менен саат 01:20да болгон. Ауэзов көчөсүндөгү темир жол өтмөгүнүн жанынан патрулдук милиция Nissan Presage үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Айдоочу жол эрежесин бузуп, жол чыракка карабай жолдон өткөн.  

 

Автоунаадан чыккан адам документтерин көрсөткөн, а салондо дагы бир нече эркектер болгон. Милиция кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн да документин текшерип баштаганда, капысынан тапанча менен гранатага окшогон затты алып чыгышып, коркутуп башташкан.

 

Шаарда «Кармоо» планы жарыяланган. Андан ары шектеүүлөр бараткан автоунаа «Көк-Жар» конушунан бош табылган.