Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, окуу китептери менен мектептерди камсыздоо жыл өткөн сайын жогорку көрсөткүчтөргө ээ болууда. Бирок, ата-энелер дагы деле балдары үчүн окуу китептерин сатып алууга аргасыз болушууда.

Министрликтин маалыматына караганда, 2010-жылдан 2016-жылга чейин республикалык бюджеттен жыл сайын окуу китептерин чыгарууга 36 миллион сомдон 130 миллион сомго чейин каражат бөлүнөт. Анын негизинде, окуу китептери менен мектептерди камсыздоо 58%дан 83,6%га чейин өстү.

 

 Бирок, өлкөнүн айрым мектептеринде китепканадагы китептер жетишсиз болгондуктан, ата-энелер балдарына китеп сатып берүүгө муктаж болушууда.