Жакынкы күндөрдөн бери Астанада өтүп жаткан көкпар боюнча чемпиондукту “эмнеге КТРК түз алып барбайт?”- деген суроолор коомчулукта козуп туру. Ырасында улуттук баалуулуктун бири болгон эӊ маанилүү бул оюнду КТРК эмнеге түз алып көрсөтө албай атат? Же каалабайбы? Же казактар түз алууну бербей атышабы? Суроо көп эле.
Бирок, КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков социалдык тармактардагы өздүк баракчасына бул тууралуу жазып чыкты. Анда “Астанадагы Көкпар оюндарын тартуу укугу Казакстандын негизи "Казакстан" ТВ каналына берилген. "Казакстан" ТВ каналы өз кезегинде өзүнүн карамагындагы "Казспорт" ТВ каналына тапшырышкан. "Казспорт" ТВ каналы Көкпар оюндарын түз эфирде көрсөтүүсүнөн баш тартышкан. Себебин "Казакстан" телеканалынын бардык көчмө студиялары Экспо көргөзмөсүндө иш алып барып аткандыктан, башка көчмө студия жок деп түшүндүрүштү. Оюндар Казакстандын аймагында дагы түз көрсөтүлбөйт. Биз Кыргызстанга түз көрсөтүү сигналын алганга аракет кылдык. Казак туугандар эгер кааласаңар биз башка жеке казак ТВ каналдарынан көчмө студия ижарага алып сиздерге сигнал беребиз деп айтышты. Бардык каражатты санаганда 20 000 долларга жакын акча керектелет экен. Тилекке каршы биз КТРК бюджетинен мындай ашыкча акча таба албадык. Бул себептен Астанадагы бардык оюндар түз эмес, жазылып анан сиздерге тартууланат”,- делинет. Илим мырза бул “жомогу” менен кимди алдагысы келет? Дүйнө, Европа чемпионаттары деп футболду үзбөй бере берип, баш-аягы жок комментаторлору менен элди жадатканга табылган акча улуттук оюндун дүйнөлүк чемпионатына табылбай калыптырбы? Анан да 20 000 доллар деген КТРКдай болгон ири тармакка анча чоӊ акча эмес. КТРК бюджеттен эле эмес, реклама жаатынан да оӊбогондой акча таба алаарын коомчулук билбейт деп ойлойбу, Илим мырза? Актануунун да адилеттүү жүйөөсүн табыш керек эле да.
Булак: «Майдан. kg» гезити