Теле алып баруучу Андрей Малахов Биринчи каналдан “Орусия 1” каналына өткөнүн, ал жакта “Прямой эфир” көрсөтүүсүн алып барарын тастыктады. Бул тууралуу Малахов Starhit журналындагы өздүк колонкасына жарыялады.
Ачык катта "Пусть говорят" берүүсүнүн мурдагы алып баруучусу бирге иштешкен 25 жыл үчүн Биринчи каналдын бардык кызматкерлерине жана анын башкы директору Константин Эрнстке ыраазычылыгын билдирди.
Малахов "Коммерсант" басылмасына буга чейин берген маегинде өз алдынча чечим кабыл алуу, анын ичинде программанын темасын өзү тандоого ниеттенгендиги үчүн жумуштан кеткенин билдирген. Ал буйрук аткарган жоокер болуудан тажаганын ырастаган.
Малаховдун айтымында, Биринчи каналда эфирде ага айрым курч маселелерди талкуулоого уруксат берилбей келген.
Андрей Малаховдун Биринчи каналдан кетери тууралуу маалымат июлдун башында чыккан. Теле алып баруучу дагы телеканалдын жетекчилиги дагы бул кабар боюнча түшүндүрмө беришкен эмес.