Мындай маалымат кечээ Өкмөттүн областтагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, район акими Канжар Эшалиев баштаган бийлик өкүлдөрү үйсүз калган жашоочулардан кабар алган тапта белгилүү болду.

 

Үйсүз калган жарандардан кабар  алган ыйгарымдуу өкүл жергиликтүү бийлик менен бирдикте колдон келген жардамды берип жатышканын, азык-түлүктөр менен камсыз болушканын билдирди.

 

-Биз, жергиликтүү бийлик болгон күчүбүздү жумшап, сиздерге жардам берип жатабыз. ӨКМ тарабынан чатыр тигилди, бүгүн электр жарыгы да берилет. Күнүмдүк азык-түлүктөрдү, жууркан төшөктөрдү бердик.  Эми жер тилкеси караштырылып жатат. Мекеме-ишканалар бир күндүк эмгек акысын которушту, булл да болсо сиздерге колдоо болуп жатат. Кышка чейин сиздерди үйгө киргизип калууга болгон күч аракет жумшалат. Мындай бөөдө кырсыткар эч кимдин башына түшкүлүк кылбасын-деди ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

 

Район акими Канжар Эшалиевдин маалымдоосунда,  8 үй-бүлөнүн ар бирине турак жай куру аракети көрүлүп жатат, жер маселеси чечилсе эле үй куруу кадам башталат. Үстүндөгү кийиминен башка эч нерсеси калбаган жашоочулар үчүн райондогу «Этибакр» фирмасы үйдүн пайдабулан тургузуп берет. Башкача айтканда 20 тонна цемент бермей болууда. «Эвентус» фирмасы чатырын жаап берүү милдетин алууда. Ал эми дубалын тургузууга мекеме-ишканалардан түшкөн бир күндүк эмгек акыдан которулган каражат жумшалат жана «Терек-Сай жаштары» ЖЧКсы  жардам бермей болууда.

 

-Бул үй-бүлөлөр үчүн үйү күйүп кеткен жарандардын бирине счет ачылды, жергиликтүү бийлик аралашканы жок. Ал каражатка 8 адамдан турган комиссия түзүлдү, ошол жарандар көзөмөлдөп турушат. Комиссия курамына Терек-Сай айыл өкмөт башчысы гана кошулду-деп билдирди район акими.

 

Маалым болгондой, ӨКМ менен ыйгарымдуу өкүлчүлүктүн биргеликте иш алып барылуусу менен кечээ жууркан-төшөктөр ар кандай зарыл болгон буюмдар, кийим-кечелер жеткирилип берилди.  Жашоочулар өз ара ынтымакташуу менен кийим кечелерди бөлүп алышты. Мындагы жашоочулардын саламаттыгы да текшерилип, кан басымы көтөрүлгөндөргө медициналык жардамдар көрсөтүлгөн.  Кошумчалай кетсек, үйсүз калган атуулдардын дээрлиги документтерин алып чыгууга үлгүрүшкөн. Бирок дагы 4 паспорт, 2 аскердик билет, 5 туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр күйүп кеткен. Мындан улам жашоочулар бийлик өкүлдөрүнөн документтерин алууга жардам берүүнү, кышка чейин үй кирип калууну суранышты.

 

Эске салсак, 17-августтан 18-августка караган түнү саат 01:25 чамасында Терек-Сай айылынын эшалы Болуш атындагы көчөдө жайгашкан барак тибиндеги жатаканадан өрт чыгып, 8 үй жана «Ваз-3110» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. 20 бөлмөлү жатакананын жалпы аянты 675 чарчы метрди түзөт. Анда жашаган 29 адам сыртка чыгууга үлгүрүшкөн, жабыркагандар болгон эмес.