Канатбек Исаевге карата ачылган кылмыш ишинин негизиндеги сот отуруму Биринчи май райондук сотунда болууда.

 

Эске салсак, Исаев КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде айыпталууда. Айып ага 2017-жылдын май айында тагылган. Кылмыш ишин иликтөөнү УКМК жүргүзгөн. Учурда Канатбек Исаев эч кайда чыкпоо тил каты менен жүрөт.