Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсиянын суммасы көбөйтүлөт. Мындай жарлыкка премьер-министр кол койду.

 

 Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтымына караганда, республикадагы пенсиянын өлчөмү 516 сомго көбөйтүлүп, 5 миң 517 сомго жетет.

 

5 миң сомго чейинки пенсиялар орточо эсепте 113,2 пайызга көтөрүлүп, беш миңден жогору пенсияларга орточо эсеп менен 107 пайыз кошулат.