Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын билим министринин орун басары Орхан Эрдемдин айткандарын кыргыз коомчулугу менен бийлигине басым, "Сапат" билим берүү мекемелерин дискредитациялоо аракети катары карай турганын коомчулукка ачыктады.

 

Министрликтин билдирүүсүндө "Сапат" мектептерин террордук уюмдар менен салыштыруу туура эместиги, бул мекемелерде билим алганы үчүн деген гана жүйө менен анда окугандар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө санкция салуу кабыл алынбасы, Түркиянын расмий адамдарынын билдирүүсү жоопкерчиликсиз экени белгиленген. Буга чейин Түркиянын Билим министрлигинин сайтында “Сапат” мекемесинде билим алгандар жана алардын жакындары Түркияга кире албай турганы жазылган. Маалыматка караганда, түрк билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем бул тууралуу "Кыргызстанда диний билим берүүнүн өнүгүүсү" деп аталган иш-чарада сүйлөгөн. Ал АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүлендин түрк бийлиги ФЕТО деп атаган кыймылы террордук экенин кайталап, уюмдун Кыргызстанда тамыр жайганын маалымдаган. Ошону менен бирге тез арада бул мектептерди Түркия курган “Маариф” мекемесине өткөрүүнү сунуштаган. Бирок, Кыргызстанда Гүлендин жолдоочулары түзгөн деген окуу жайлардын бири “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси быйыл апрелде жергиликтүү билим берүү мекемеси болуп кайра катталып, аталышы "Сапат" болуп өзгөртүлгөн. Кыргызстандын Билим берүү министрлиги да мекеменин башкаруу чөйрөсүнө киргизилген. Президент Алмазбек Атамбаев “Сапат” мектептери жабылбайт деп билдирген. Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине Фетхулла Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, көбү абакта кармалууда. Расмий Анкара Гүленди жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ Гүленге каршы дооматтарга далил жок деген негизде аны Түркияга өткөрүп берген эмес. Гүлен өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик атайлап уюштурган деген оюн билдирген.

 

Булак: "Майдан. kg" гезити