Кечээ Текебаев менен Чотоновго сот өкүмү чыккан. Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек  Эрнис уулу саясатчыларды 8 жыл эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн конфискациялоо жана абактан чыккандан кийин үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарга аралашпоо чечимин кабыл алган.

 

Текебаевдин адвокаты Искен Афиджановдун маалыматына караганда, сот БУУ адам укугу боюнча декларациясынын 65 жылдыгы тууралуу мыйзамга ылайыктап, соттолуучулардын жаза мөөнөтүн жеңилдеткен. Андан улам саясатчылардын моюнуна илинген сегиз жылдын үч жарым жылы кыскартылып, төрт жарым жылы калды. Ошондой эле СИЗОдо отурган ар бир күн эки күнгө эсептелинет, ал эми Текебаев менен Чотонов 26-февралдан бери отурушат.

 

Искен Афиджанов соттун чечимине доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышаарын билдирди.