Кыргызстандык спортчу кыздардан куралган топ «Үч улуттун кубогу» аттуу футбол эларалык турниринде биринчи турда жеңишке жетишишти.
Бул тууралуу КР футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыздардан турган үч топтун таймашы Бишкекте башталган. Биринчи турду Кыргызстандын тобу Казакстандан келген топту 3:0 эсебинде уткан.