Президенттик жарышка түшүүгө шымалана киришкен талапкерлердин шайлоо фондусунун акыбалы кандай?

 

Борбордук шайлоо комиссиясы кайсы талапкердин шайлоо фондусунда канча каражат бардыгын жана анын канчасы коротулганын жарыялады.

 

БШКнын маалыматына таянсак, эң көп акча топтогон жана эң көп короткон жагынан Бабанов алдыда баратат. Эң артында Муратбекова З.А. 391 сому менен турат.

 

Ошентип,

 

Талапкер     Муратбекова З.А.нын шайлоо фондунда 391 сом бар, анын бир сому да коротула элек. Элден акча чогулткан  Карасартова Р.Р.дин 51 680 сомунун 16 069 сому кетип, 35611 сому калды. Шаршекеева К.Д. 140 000 сом чогултуп, бирок, бул убакка чейин 80 492 сомду иштетип койгон. Чороев К.А. 267 580 сомдун 151 410  сомун коротуп, 116 170  сомун кармап отурат.      Темир Сариевдин 6 500 000 сомунан 831 208и калды. Бабанов 32 000 000 сом топтоп, 11 031 сомун калтырды. Малиев 4 259 800 сомдун  452 312 сомун коротту. Жээнбековдун  шайлоо фондундагы 3 000 000 сомдун 534 656 сому эле сарпталды. Үйүн күрөөгө коюп, шайлоого катышкан Турсунбек Акундун жалпы 74 миң сомунун 25 200ү эле калды. Бекназаровдун 426 600 сому чыгашалардан кийин 140 643 сомго айланды. Ташиев 50 000 сомдун 14 882син коротту.

 

Айтор, талапкерлердин бири каражатка март болсо, бири сараңданып, «төшөктөрүнө жараша буттарын сунуп» аткан кербездери.