«Туура эмес учурда, туура эмес жерде болуп калганы үчүн» таксинин айдоочусу да Садыр Жапаровдун тарапташтары көргөн күндү көрүүдө.

 

Сот процессинде айыпталуучу Анарбек Бейшебаев Жапаровдун тарапташы эместигин айтты.

 

«Мен таксист болуп иштейм. 25-мартта УКМКга жүргүнчүлөрдү алып келгем. Төлөнө турган акчасы ири болгондуктан, келген адам майдалатайын деп ары басып кетти. Көпкө күтүп отуруп, келбеген соң көпчүлүктүн арасынан издеп көрөйүн дедим. Ошол убакта башаламандык башталып кетти. Кетейин деп атканымда көпчүлүктүн шары менен милициялар тарапка түртүлүп барып калдым. Милициялар кармап алышып, сабап, кичиавтобуска салышты», - деди Бейшебаев.

 

 Айтымында, ал кармалгандардын биринчиси болгон. Беш-алты адам тепкилешкен. Колу менен бетин калкалап атып, жанында башкаларды да сабап атышканын билген.

 

Аны камактан чыгарышкан, бирок, учурда сот процесстерине катышууда.